02:25
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 20 бейтап айыгып, Нарында бир аял каза болду

Нарын облустук ооруканасында коронавирус жуктурган 67 жаштагы аял киши көз жумду. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев билдирди.

Анын айтымында, аял аз кандуулук менен жапа чегип, вирус жуктуруп алгандан кийин абалы оорлошуп кеткен.

«Көрсөтүлгөн жардамга карабай жүрөгү токтоп калды», — дейт ал.

Республика боюнча коронавирустан жалпы 23 бейтап каза болду.

Ал эми акыркы суткада 20 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылгандардын саны 1 миң 445ти түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар