09:27, 08 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Талас облусунда «Үчүнчү канал» телеканалынан өрт чыгып, 300 миңге жакын чыгымга учурады. Бул тууралуу телеканалдын коммерциялык директору Перизат Мамырова 24.kg агенттигине маалымдады.
Анын айтымында, өрт 6-июнда болжол менен саат 4:00 чамасында чыккан. Жумушка келген кызматкерлер келгенде гана байкашкан.
Талас облустук ИИБ Кылмыш жана жоруктар реестрине «Бирөөнүн мүлкүн жок кылуу жана зыян келтирүү » беренеси боюнча катталганын билдиришти.