21:42
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кыргызстанда 16 миң аялдын бир жылда эки жолу боюна бүтөт

Кыргызстанда бир жыл ичинде 160 миңге жакын аял көз жарат, алардын ичинен 16 миңи бир жылда эки жолу толгоо тарткандар. Ал эми 30 миңи аралыгы бир жылдан төрөгөндөр. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Кыргыз үй-бүлөнү пландаштыруу альянсынын директору Бактыгүл Бозгорпоева билдирди.

Анын айтымында, төрөттөн кийин организмдин калыбына келүүсү үчүн убакыт керек.

«Эге аял бойго бүтүү аралыгын 2,5 жылдан сактанса, анда анын 8-10 наристени жарык дүйнөгө алып келүүгө күчү жетет», — дейт Бактыгүл Бозгорпаева.

Ал белгилегендей, төрөөгө тыюу салынган аялдар бар. Аларга кургак учук, талма оорусу, жүрөк оорусу, бөйрөк оорусу ж.б. оорулары болгон үчүн төрөө мүмкүнчүлүгү чектелген. Бирок алар доктурлардын сунуштарына кулак салбай акыры бойлоруна бүтүрүшөт да ооруканага төрөөр алдында гана пайда болуп калышат. Жыйынтыгында жыл сайын өлкөдө 45-50гө жакын аял көз жумат.

Эң көп окулган жаңылыктар