Ысык-Көл туристтик сезону 20-июндан тарта ишке кириши күтүлүүдө

13:39, 05 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көлгө болгон туристтик сапар 20-июндан кийин жанданат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев жыйында билдирди.

Анын айтымында, учурда баардык эс алуучу пансионаттар жана үйлөр сезонго даярдык көрүшүүдө.

«Турсезон 1-июндан тартып башталды дегенге азырынча эрте. Эс алуу 20-июдан кийин башталаары болжолдонууда. Андыктан туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык эс алуу жайларды даярдап алып конокторду тосуп алууга камынабыз», — дейт ал.

Фото

Белгилегендей, бүгүн расмий кызматкерлер Ош-Тамчы-Ош аба каттамдарын 15-июндан баштап жандандыруу маселесин карап жатышат.

Эске сала кетсек, 1-июндан тарта Кыргызстанда туристтик сезон расмий түрдө старт алган: ар бир адам өлкөнүн туристтик объектилерине, анын ичинде Ысык-Көлгө эс алууга эркин бара алат. Республикалык штаб эс алуучуларды менчик унаа менен же жеңил унаалар аркылуу барууну сунуштайт. Себеби автобус, кичи автобустарда жүргүнчүлөр көп болгонуктан коронавирус жуктуруу коркунучу бар.