23:03
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Кавер: Нурлан Мотуев менен Самат Дөөлөтбаков ыр жаздырды

Коомдук ишмер, саясатчы Нурлан Мотуев бирде Россиялык ырчы Витасты туурап, бирде Биз тобунун «Буй-буй» ырын аткарып интернетте катуу талкууга жана колдоого алынып жаткан кези. Аны менен катар,  спорт жаатында да өзүнө кам көрүп, Чыпалак баатыр менен беттешүүгө даярданууда. Бул ирет Нурлан Мотуев кыргыз эстрада ырчысы Самат Дөөлөтбаков менен биргеликте Орусиялык ырчы Игорь Корнелюктун «Дожди» аттуу чыгармасын бирге аткарышты. Бул туурасында ырчы Самат Дөөлөтбаков ырдоо учурундагы видеону Youtube каналына жүктөгөн.

Анын айтымында, Нурлан Мотуев профессионалдуу студияда ыр жаздырууну кыялданып жүргөн.

«Мен көптөн бери эле Нурлан байкени чакырайын деп жүргөм, анткени, Нурлан байкенин «иливой» ыры интернетте хит болуп жатат. Ал эми Нурлан байке да, профессионалдуу студияда ырдайм деп, кыялданып жүрүптүр. Демек, бул дуэт, экөөбүзгө тең буйруптур. Достор, биздин каверди олуттуу кабыл албай, жакшы ниет менен кабыл алыңыз. Нурлан Мотуев байке да, мен дагы профессионал ырчылардан эмеспиз, ырчылык билимибиз жок, ырдоо — биздин хоббибиз. Андыктан жөн гана жакшы маанай жана позитив берели деген ойдо ырдадык. Эгер жаман сөз камтыган комментарий боло турган болсо, дароо блокко кетесиз. Эскерттим. Бирок, «адекваттуу критикага» ачыкпыз. Алдын ала рахмат», — деп билдирүү калтырган.

Эң көп окулган жаңылыктар