COVID-19. Алты медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды

10:25, 05 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министрининин орун басары Нурболот Үсөнбаев. билдирди.

Анын маалыматында, Бишкек шаарындагы ооруканаларда иштеген— 2, Ош шаарында— 1, Нарындык медиктердин ичинен дагы үчөөдөн вирус табылды.

Ал эми стационарлардан сутка ичинде 2 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында — 378 учур катталды, алардын ичинен 272 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.