COVID-19. Бир суткада вирус 37 адамдын анализинен аныкталды

10:16, 05 июня 2020, Бишкек - 24.kg

2020-жылдын 5-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 37 учур катталды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев билдирди.

Жугузгандардын көпчүлүгү (14) Бишкек шаарында жашайт. Чүй облусунда -7, Нарын облусунда -6,  Ысык-Көл облусу – 3,  Ош шаарында – 1,  Ош облусугнда- 5,  Баткен облусунда - 1.

Республика боюнча  СOVID-19  менен ооругандардын саны - 1 миң 936 адам.

Акыркы суткада 48 адам ооруканадан чыгарылды.