Шоу-бизнес өкүлдөрү: Энергетиктерге алкыш

16:02, 04 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Өлкөдө коронавируска байланыштуу өзгөчө абал жарыялангандан тартып мамлекеттик коммуналдык төлөмдөр токтотулган. Анын ичинде электр энергиясы да бар. Эки жарым ай акысыз колдонгон электр энергиясынын акысын төлөө убагы келди.

Карантин учурунда элди жарык менен кубанткан электриктерге белгилүү ырчылар, блогерлер жана алып баруучулар ыраазычылык видеосун жарыялашты.

Аталган видео «Чыгышэлектро» ААКнын Youtube баракчасына жүктөлгөн.