15:49, 04 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Сокулук районунда жол кырсыктын айынан беш адам жаракат алды. Бул тууралу Чүй облустук ЖКККББнын пресс-кызматкери билдирди.
Маалыматка ылайык, жеңил машинада үч, жүк ташуучу унаада эки адам болгон. Жыйынтыгында баары ооруканага жеткирилди.
«Окуя болгон жерде ЖКККББнын жана райондук ыкчам иликтөө тобу иш алып барууда», — деп жазылат маалыматта.