18:15
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Сокулуктагы жол кырсыктан беш адам жаракат алды

Сокулук районунда жол кырсыктын айынан беш адам жаракат алды. Бул тууралу Чүй облустук ЖКККББнын пресс-кызматкери билдирди.

Анын айтымында, Сокулук районунда болжол менен саат 13:00 чамасында чөп жүктөлгөн жүк ташуучу машина менен «Toyota Ipsum» үлгүсүндөгү унаа кагышкан.

Маалыматка ылайык, жеңил машинада үч, жүк ташуучу унаада эки адам болгон. Жыйынтыгында баары ооруканага жеткирилди.

«Окуя болгон жерде ЖКККББнын жана райондук ыкчам иликтөө тобу иш алып барууда», — деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар