13:24
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Айып төлөп калбагыла». Төрага депутаттарды залда маска кийип олтурууга чакырды

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Джумабеков депутаттарды бүгүнкү жыйында дагы бет кап кийип олтурууга чакырды.

Ал коомдук жайларда бет кап тагып жүрүү эрежесин жана айыпты эскертти.

«Бет кап кийбегендерге айып пул салынат. Сиздерге айып пул келип калбасын. Бул мамлекеттик орган, мыйзамды сыйлап, бет кап тагып олтуруңуздар. Сиздер башкаларга үлгү болушуңуздар керек», — деди ал.

Белгилей кетсек, төрага ар бир жыйында депутаттарды бет кап тагып олтурууга чакырат. Бирок, эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү бул талапты аткарышпайт.

Парламент өзү кабыл алган мыйзам боюнча коомдук жайда бет кап тагынбаган жарандарга миң сом, юридикалык жактарга 3 миң сом айып пул салынат.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби