15:00
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бишкекте 13 жашар кызды зордуктоого шектүү соттон акталды

Бишкекте сот 13 жашар кызды зордуктаган кылмышкер соттон акталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова билдирди.

Анын айтымында, соттук экспертиза кыздын зордукталганын далилдеген.

«Судья 13 жашар кыздын жашоосуна чоң таасирин тийгизди. Соода борборунда кичинекей кыз ажаатканага барып, ал жерден зордукталган. Бул боюнча экспертизалар бар болгонуна карабастан зордуктоого шектелген жаранды актап, эркиндикке чыгарып коюшту. Мындай болбош керек. Ушундай сотторго нааразымын. Бул ишти Жогорку Сотто калыс карап берүүсүн суранам», — деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар