10:37, 04 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынына биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов чакырылды. Депутаттар Кубатбек Бороновдун чек ара маселеси боюнча Өзбекстандын премьер министри менен болгон жолугушуусу тууралуу маалымат берүүнү суранышты.
Эске сала кетсек, өзбек-кыргыз чек ара чыры 31-майда эки тараптын «Чечме» булагын талашуусунан улам келип чыккан. Талаш-тартыштан улам алар бири-бирине таш ыргытып, кырдаал курчуп кеткен. Жалпы 25 кыргызстандык ооруканага кайрылган.