4-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 28 учур катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын маалыматында, Бишкек шаарында 15 адамдан аныкталды, Нарын облусу — 1, Ош шаарында— 4, Ош облусунда — 6, Чуй облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 1.
«Алардын бири четтен келген жарандан табылса, 20сы медициналык көзөмөлдө тургандардан аныкталды. Ал эми, калган 7 учурдун жугузуп алган булагы табыла элек», — деди Нурболот Үсөнбаев.
Өлкө боюнча вирус жуктургандардын саны 1 миң 899га жетти.
Оорукана жаткандардын 27и айыгып чыкты. Бишкектен 24, Ош облусунан 1 жана Баткенден 2 бейтап чыгарылды.