Бишкектеги № 2 шаардык милиция бөлүмүнөн тергөөдөгү адам качып кетти

10:03, 04 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги № 2 шаардык милиция бөлүмүнөн тергөөдөгү адам качып кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мекменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 50 жаштагы жаран уурулукка шектүү деп табылып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Бир күн мурун, аны тергөө иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн убактылуу кармоочу жайдан милиция бөлүмүнө алып барышканда качып кеткен.

Өзгөчө белгилери: арыкчырай, оң буту аксап басат.

Бою: 165-, чачтары кара, тармал, узун.

Үстүндө кара рубашка, кара шым, бутунда кара туфли.

Милиция кызматкерлери постторду коюп, издөө салышууда.

Фото