11:54
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Аялына бензин чачып өлтүрүүгө аракет кылган кылмышкер эң аз мөөнөттөгү жаза алды

Каракол шаардык соту аялына бензин чачып өрлтүрүүгө аракет кылган кылмышкерди күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу жактоочу Эсения Рамазанова 24.kg агенттигине маалымдады.

Анын айтымында, сот кылмышкерге эң аз мөөнөткө жети жыл алты айга чейин гана өкүм чыгарган.

«Ал киши өлтүрүүгө аракет кылган деп айыпталган. Ал эми ушул Адам өлтүрүү беренеси боюнча 12 жылга эркинен ажыратууну карайт. Биз жазанын өтөлбөй калгандыгын эске алып, 20 жылга эркинен ажыратууну сурадык. Ал киши мурда да соттолгон. Эки жыл мурун ал аялына бычак менен кол салып, аны өлтүрөм деп коркуткан. Биринчи май райондук соту аны төрт жыл алты айга курал колдонуу менен бейбаштык үчүн соттогон, жана ошондой эле облустук сот бул өкүмдү өзгөртүп, камакта отуруу мөөнөтүн эки жылга чейин шарттуу түрдө кыскарткан. Ушул убакыт аралыгында ал дагы бир оор кылмыш жасап отурат», — дейт Эсения Рамазанова.

Адвокат мындай жеңилдетилген өкүм менен судья сот реформасына кайдыгер мамле кылгандыгын, аны менен катар үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук кылмыштары бийликтин көзөмөлүндө экендигин белгиледи.

Эске салсак, 4-январда Каракол шаарында бир киши аялына бензин чачып, көчөдө аны өрттөп жиберген. Аялдын бети, колдору, курсагы жана бели күйүп калган. Бирок, тергөө маалында ал каршы арыз жазган, кийин аны күйөөсүнүн кысымы менен жазгандыгын мойнуна алган.

Эң көп окулган жаңылыктар