09:27, 04 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Каракол шаардык соту аялына бензин чачып өрлтүрүүгө аракет кылган кылмышкерди күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу жактоочу Эсения Рамазанова 24.kg агенттигине маалымдады.
Анын айтымында, сот кылмышкерге эң аз мөөнөткө жети жыл алты айга чейин гана өкүм чыгарган.
Адвокат мындай жеңилдетилген өкүм менен судья сот реформасына кайдыгер мамле кылгандыгын, аны менен катар үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук кылмыштары бийликтин көзөмөлүндө экендигин белгиледи.
Эске салсак, 4-январда Каракол шаарында бир киши аялына бензин чачып, көчөдө аны өрттөп жиберген. Аялдын бети, колдору, курсагы жана бели күйүп калган. Бирок, тергөө маалында ал каршы арыз жазган, кийин аны күйөөсүнүн кысымы менен жазгандыгын мойнуна алган.