11:55
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Мамлекет жардам берүүнүн ордуна артка тартууда. Ишкерлер кантип күн кечиришүүдө?

Коронавирус пандемиясы Кыргызстандагы дээрлик баардык экономика тармагына терс таасирин тийгизди. Анда таксисттерден тартып ири бизнес ээлерине чейин убактылуу жумушсуз калды десек болот.

Ал эми өлкөдө 1-майдан тартып акырындык менен карантин аяктап, бардык тармактар ачыла баштаганы маалым. Бирок, Бишкекте буга чейин эле айрым ишканалар уруксаты жок иштеп башташкан. Балким бул кырдаал жөнөкөй жумушчулар эмес ири ишканалардын ээлерин да ачка калтырганынан кабар берет.

24.kg агенттигинин журналисти коронавирус илдетинен улам жоготууга учураган кыргызстандыктар менен баарлашты. Алар карантин учурундагы кыйынчылыктар туралуу айтып беришти.

Бишкектеги Baan Baan тай кафесинин ээси Сумсарбек Мамыралы, өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялангандан тартып кардарларга тамак-ашты үйүнө жеткирип берүү кызматына өткөн. Бирок иштөөнүн бул форматы жада калса мекеменин электр энергиясын актабай, анын бизнеси чоң жоготууга учуроодо.

«Кечээ мекеменин электр энергиясы үчүн бир айга 16 миң сом төлөдүм. Баардык эле бизнестин кирешеси — 30 пайыз. Мындан эки күн мурун 2 гана буйрутма болуп соода 940 сомду гана түздү. Ошондой эле бизде жеткирип берүү акысыз. Бирок, тамакты жеткирип берүү кызматына акча төлөйбүз. Эми эсептеп көрүңүз, менин айлыгым түшкөн акчанын 30%ы болсо 940 сомдон колума 200 сом гана калат. Айтмакчы, кызматкерлердин айлык акыларын да сактап койгом», — дейт Сумсарбек Мамыров.

Киреше таппаганым аз келгенсип айына ар кандай төлөмдөр үчүн 4 миң $ чыгымга учурайм.

Анын айтымында, бул кафе карантинге чейин да жеткирип берүү кызматы менен иштеген. Бирок бул акча табуунун башкы булагы болгон эмес. Ал эми кафенин ачылуусуна уруксат качан берилери азырынча белгисиз.

«Учурда мындай абал менен акча табуу мүмкүн эмес. Болгону өзүм үчүн жана ишсиз отурбайын дегендик», — дейт Сумсарбек Мамыралы.

Бүгүнкү күндө соода-сатыктын абалы бир топ эле түштү. Өзгөчө абал башталгандан кийин алгачкы 2 жумалыгында күнүнө 10-15 тей буйрутма келип түшсө, учурда 1 же 2 гана буйрутма берилет.

«Элдин акчасы түгөндү. Тай ашканасына жарандар күндө эле келе беришпейт. Алгач бизге өткөрмө кагазын беришпей кардарларга тамак-ашты велосипед менен жеткирип жаттык. Буйрутма ээлери жеткирип берүү кызматынын акысын төлөөгө даяр эмес болчу», — дейт ресторатор.

Анын кафесинде тамак-аштардын составдык бөлүгү Тайланддан түз алынып келинет. Азыркы тапта мекемени жабууга мажбур болушууда.

«Жай-бул кафелердин сезону. Бул мезгилде кышындагы чыгымдардын ордун толтуруп алабыз. Учурда чек аралар жабык болгондукан туристтер келбейт, демек эч кандай киреше тууралуу сөз кылбай деле койсок болчудай. Баарыбызда курч суроо турат: кантип банкрот болбой бир калыпта калууга болот. Башкача айтканда чыгашаларды жаап, административдик салыктарды, ижара жана айлык акыларды төлөп, аны менен катар өзүңө керектөөгө бир аз акча арттырып калуу керек», — дейт Сумсарбек Мамыралы.

Жумуштагы кыйынчылытар менен катар Сумсарбек жардамга мукаждарга да кол сунууда. Ал төрт жума ичинде 600 үй-бүлөнү азык-түлүк пакети менен камсыз кылган.

Ишкерлер мамлекет тарабынан эч кандай жеңилдик күтпөйт. Ал тургай өкмөттүн берген сөзүнө карабастан, карантиндин башталышында тай кафесинин ээсине Салык кызматынан чалып төлөмдү эскертишкен. Кафеде соода болбой жатканын айтканда алар: «буга чейин кандай төлөнсө дал ошондой тарифте гана төлөнөт», — деп жооп беришкен.

Мамлекет тарабынан жардам болот деп эч качан үмүттөнгөн эмесмин. Мен үчүн бул илгертен эле чакан жана орто бизнестерди артка тартып, көмөк көрсөтпөй келе жаткан кадимки эле көрүнүш болуп калган.

Сумсарбек Мамыралы.

Kaynar Group ресторанынын маркетинг бөлүмүнүн башчысы Василиса Мищенко дагы өкмөт тарабынан эч кандай жардам күтпөй эле коюу кеңешин айтат. «Жоготуу карантиндин биринчи күнүндө эле башталат да», — дейт Мищенко.

«Колдонуу мөөнөтү кыска жана бат бузулуучу азык-түлүктөрдү чоң акчага сатып алганыбызга карабай ыргытууга туура келди. Кээ бирлерин кайрадан иштетип, айрымдарын кызматкерлерге таратып жаттык. Карантиндин чектөөлөрү бизнеске өз кедергисин тийгизди. Ар кандай иш-чараларды токтотууга туура келди. Учурда ресторандын ашпозчулар курамы биригип, «Тюбетейка» ресторанынан тамак-аш жеткирип берүү кызматында иштешүүдө», — дейт ал.

Ресторандагы кызматкерлердин 90 пайызы эмгек акысыз өргүүгө чыгууга туура келди.

Василиса Мищенко

Мындай чектөөлөргө карабастан жетекчилик өзүнун мүмкүнчүлүгүнө жараша кызматкерлерине азык-түлүк пакеттерин берип жатты. «Биз милиция, медицина кызматкерлерине, мунципиалдык кызматтарга жана обсервацияда жаткан жарандарыбызга азык-түлүк, тамак-аштарды жеткирип турдук. Алар COVID-19 вирусу менен бетме-бет күрөшүп жатканын түшүнөбүз», — дейт Василиса Мищенко.

Мекеменин жетекчилери кызматкерлерин иш менен камсыз кылуу аракетинде.

«Биздин жетекчилер колдорунан келген аракеттерин жасашты. Карантиндин бүтүшүн күтүү эң жакшы жол болчу. Бирок бул адамдык сапатка жатпайт. Учурда ишканалар киреше үчүн эмес, кызматкерлер аз болсо да акча таап алсын деп иштеп жатышат.Тапкан акчалары эч нерсеге жетпейт, бирок жоктон көрө жогору», — деп эсептейт ал.

Коронавирус пандемиясы алып баруучу Урмат Асанбековдун да кирешесине өз таасирин тийгизди. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине айтып берди.

Жаз айына мерчемделген баардык иш-чаралар өтпөй калды.

«Менин кирешем кескин түрдө 80 %га кыскарды. Ооба, мунун жакшы жагы дагы бар. 2 ай ичинде колум тийбей жаткан жумуштардын баарын бүтүрдүм. Топтогон акчам жана кээ бир иш-чараларды алып барбаганымда менин үй-бүлөмдүн абалы оор болмок экен», — дейт Урмат Асанбеков.

Албетте жеңил болгон жок. Бирок, өтө оор кырдаалда калып калгандар да бар. Эгер инернеттен жардам сурагандар болсо аларга кол сунууга аракет кылам.

Урмат Асанбеков.

Карантин убагында алып баруучу иш-чараларды алып баруунун жаңыча форматын өздөштүргөн. Урмат Асанбеков Бишкекте онлайн той уюштуруп өткөргөн алгачкы алып баруучу. Бирок бул акча табуунун жолу эмес, жөн гана өзгөчө тажрыйба катары эсептесе болот.

Өзгөчө абалдар режими июнда токтотулат деген божомолдон кийин бишкектиктер күзгүгө азыртадан камынып, үй-бүлөлүк иш-чаралардын күндөрүн белгилей башташты.

«Мен жумушсуз калбайм. Бир аз чыдоо керек. Себеби менин күзгүгө болгон буйрутмаларым толуп калды. Ал эми июндун башында иш-чара өткөрөм дегендерге абал туруктуу болгучакты күтүүнү сунуштайт элем», — дейт ал.

Республикалык штаб 1-июндан тарта Кыргызстандагы баардык ишмердүүлүктөрдүн түрлөрүн санитардык-эпидемологиялык нормаларды сактоо шарты менен жандандырууга уруксат берди.

Аны менен катар маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү иш-чараларын, көңүл ачуучу жана ойноочу аянттарды, интернет-клубдарды, компьютердик оюндар жана балдар бакчасынын иштөөсүнө чектөө сунушталды.

Эң көп окулган жаңылыктар