01:10
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Ысык-Көлдө жетим кызды ала качып барып, ур-токмокко алышкан

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда кыз ала качуунун курмандыгын ур-токмокко алышкан. Бул тууралуу жабырлануучунун жактоочусу Эсения Рамазанова 24.kg агенттигине билдирди.

Анын айтымында, кыз томолой жетим, Бишкекте жашайт. Анын тааныштары Ысык-Көлгө эс алууга чакырган, кыз макулдугун бергенде аны ала качып кетишкен.

«Буга чейин жабырлануучу Кризисттик ассоциация борборуна кайрылган. Анын айтымында, Ысык-Көлгө эс алууга чакырган аялдар зомбулук көрсөтүшкөн. Ала качып барган соң кыз үй-бүлө куруудан баш тарткан. Качан гана ал каршылык көрсөткөндө аны ур-токмокко алышкан. Зомбулуктан улам далысынан жаракат алып, башында гематома пайда болгон. Стресстен колдору титиреп жатат, психологиялык жактан калыбына келтирүү үчүн узак мөөнөт дарыланышы керек. Биз ИИМдин тергөө кызматы тарабынан жакшылап териштирилүүсүн камсыз кылабыз» , - дейт жактоочу Эсения Рамазанова.

Жактоочу белгилегендей, Жети-Өгүз райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Кылмыш жана жоруктар реестрине катташкан, бирок кайсы берене менен катталгандыгы тууралуу так маалымат жок.

Эң көп окулган жаңылыктар