11:59, 03 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандагы аймак аралык коомдук транспорттор жана аба каттамдар 5-июндан тартып ишке киришет. Бул туралуу Республикалык штаб маалымат жыйында билдирди.
Коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн санитардык коопсуздук эрежелерин сактоосу катуу көзөмөлгө алынышы керек. Бет кап кийүү, конуу учурунда температураны өлчөө милдеттүү.
«Баардык жүргүнчүлөрдү ташуучу уюмдар, анын ичинде автобус, кичи автобустар толугу менен коопсуз болуусу шарт. Жүргүнчүлөр санитардык нормаларга ылайык саякаттап жаткандыгына биз ишенимдүү болушубуз керек», — дейт Кубатбек Боронов.