Өкмөт башчы каякта? Депутат Мухаммедкалый Абылгазиевдин эс алуусуна нараазы

10:24, 03 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өлкөдөгү кырдаалга карабай эс алуу алганына нараазы.

Депутат өкмөт башчысы бул учурда катуу иш алып барышы керектигин белгилейт.

«Чек арада чатак, коронавирус менен күрөш жүрүп жатса, премьер-министр кайда? Мына Армениянын өкмөт башчысы деле вирус жуктуруп алса дагы, иштейт экен», — дейт депутат.

Белгилей кетсек, өкмөт башчысы радио-жыштыктарды сатуу боюнча кылмыш тергөөсүнө байланыштуу 27-майда убактылуу эс алууга чыккан.