10:23, 03 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда бир сутка ичинде 26 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
Ошондой эле COVID-19 вирусуна кабылгандардын жалпы саны 1 миң 871ге жетти, ал эми айыккандар 1 миң 265.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда 1-июндан тартып коомдук транспорттор, ишканалар иштеп башташкан.