Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты

16:25, 02 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкекте толук курулуп бүтө элек көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин пресс-кызматкери 24.kg агенттигине маалымдады.

Анын айтымында, өрт тууралуу маалымат болжол менен саат 15:43 чамасында келип түшкөн. Көп кабаттуу үй Жунусалиев\Ажибек Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт чыккан жерге өрт өчүрүү кызматынын бир тобу жөнөтүлгөн.

Учурда өрт эмнеден чыккандыгы такталууда.