15:22, 02 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Саламаттыкты сактоо министрлигинин дагы бир кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу министрликтин пресс-кызматкери 24.kg агенттигине маалымдады.
Эске сала кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлигинде ушуну менен 3 учур катталды. Буга чейин ыкчам штабдын адисинен коронавирус аныкталган. Андан көп өтпөй ошол эле мекеменин күзөтчүсүнүн анализи коронавирусту тастыктаганы маалым болгон.