15:04, 02 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Эл каттоо боюнча кандайдыр бир иш-чараларды өткөрүү азырынча планда жок. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалымдашты.
Эске сала кетсек, кечээ "Бишкекте медиктерди үймө-үй кыдыртып, элди каттоо алардын жумушуна кирбегендигине карабай мажбурлап жатышат», — деген маалымат тараган. Бирок, Улуттук статистика комитети бул маалыматты четке кагып, эл каттоону жана турак жай фонддорун 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелге чейин өткөрүү мерчемделип, коронавируска байланыштуу белгисиз мөөнткө жылдырылганын айтат.
«Эгерде кандайдыр бир зарыл иштериңиздер болсо Улуттук статистика комитетинен же жакынкы аймактык мамлекеттик статистика органдарынан тактап алууну өтүнөбүз», — дейт статистика кызматкерлери.