Өзбекстан Кыргызстандагы элчисин алмаштырды

13:41, 02 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Өзбекстан Кыргызстандагы элчисин дайындады. Бул тууралуу Өзбекстандын маалымат каражаттары жазып чыкты.

Буга чейин Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси болуп Комил Рашидов иштеген. Ал элчилик кызматты 8 жыл аркалап, 2019-жылдын күз айларында өкмөт башчынын кеңешчиси болуп дайындалганына байланыштуу жумуштан кеткен.

Ал эми жаңы дайындалган өкүл Хуршид Мирзахидов 30-майда Бишкекке учуп келди.

Хуршид Мирзахидов элчилик кызматка чейин Өзбекстандын маалымат технологиясы жана коммуникацияны өнүктүрүү министри, Улуттук телерадиокорпорациясынын жетекчиси, Транспорт министрлигинин алдындагы автоунаа жолдору комитетинде жетекчинин орун басары болуп эмгектенген.