10:59, 02 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын аймагында кайрадан чыр чыкты. Бул туралуу Мамлекеттик чек ара кызматы 24.kg агенттигине маалымдады.
«Ош-Исфана жолунда бара жаткан кыргызстандыктардын унаасына Тажикстан тараптан белгисиз бирөөлөр бир нече ирет ок чыгарган. Алардын ичинен бир адамга ок тийип, учурда ооруканага жаткырылды. Ок мылтыкка таандык. Азыркы тапта чек арада абал жөнгө салынды. Милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүшүүдө», — дейт чек ара кызматынын басма сөз кызматкери.
Эске сала кетсек, 2 айдын ичинде кыргыз-тажик чек арасында үчүнчү ирет чыр чыгууда.