COVID-19. Кыргызстанда бир сутка ичинде 38 бейтап айыгып чыкты

10:18, 02 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда бир сутка ичинде ооруканадан 38 бейтап чыгарылды. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымат жыйында билдирди.

Маалыматка ылайык, коронавирустан бүгүн 38 бейтап айыгып чыкты. Анын ичинен Бишкек шаарында −18, Нарын облусунда-6, Ош шаарында-6, Ош облусунда-6, Жалал-Абад облусунда-2.

Республика боюнча жалпы 1 миң 219 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.