Новопавловка айылында үй өрттөнүп кетти

09:45, 02 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Новопавловка айылынын Фрунзе көчөсүндө жайгашкан турак жай өрттөнүп кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Билдирүүгө караганда, жашоочу турак жайдан өрт болжол менен саат 23:03 чамасында чыккан. Үйдүн чатыры шифер болгон, анын аянты 150 чарчыны түзөт. Тилекке каршы үй толугу менен өрттөнгөн. Жабыр тарткандар жок.

Өрт эмнеден чыккандыгы учурда такталууда.