16:50, 01 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Бишкекте мобилдик топ санитардык норманы жана тартипти сактоо боюнча иш-каналарды текшерүүдө. Бул тууралуу вице-мэр Азиз Алымкулов маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, топтун курамында райондук администрациясынын өкүлдөрү, мэриянын санитардык-эпидемиялык кызматкерлери, борбордук Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун өкүлдөрү да бар. Өзгөчө базарларды, соода борборлорун, коомдук транспортторду жана эл көп чогулган жайларды дыкаттык менен көзөмөлдөшүүдө.
«Мобилдик топ 14-майдан тарта жалпысынан 4 миң 528 жайды текшерди. Анын ичинен 447 мекемеге тартипти бузгандыгы үчүн протокол түзүлүп, 983 миң 500 сом өлчөмүндөгү айып пул салынды» , - дейт Азиз Алымкулов.
Вице-мэр белгилегендей, бул көзөмөлдүк топтун иш-аракетин ишкерлерге айып пул салуу максатында эмес, коронавирусту алдын алуу аракети катары кароого болот.
«Биздин милдет Бишкектин аймагында коронавирус илдетинин жайылып кетүү коркунучун алдын алуу жана эскертүү», — дейт ал.
Эске сала кетсек, айрым иш-каналар уруксат бериле электе эле иштеп башташкан.