12:01
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Бишкексуутүтүгү» кардарларды тейлөөнүн бирдиктүү маалымат борборун киргизет

Бишкексуутүтүгүнө кардарларды тейлөөнүн бирдиктүү маалымат борбору киргизилет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын турак жай-коммуналдык чарба ишканасы менен болгон жолугушууда бөлүмдүн башчысы Бакыт Дүйшөмбиев билдирди.

Анын айтымында, система учурда пилоттук режимде иштеп жатат, бирок бир айдан соң толук турдө иштөөсү күтүлүүдө.

«Чалуу үчүн 1533 кыска номурун терүү жетиштүү. Ал эми өтүнмөлордү диспетчерлер керектүү бөлүмдөргө бөлөт. Бакыт Дүйшөмбиев

«Мурда кардарлар ар кандай номурларга чалып, анан да ар кандай кызматтарга түшуп калып убараланышчу. Мындан кийин аларга чекит коюлат», — дейт ал.

Мындан тышкары бул системада өтүнмө кызматы орнотулат. Мастерлер келген өтүнмөлөр аркылуу жерине барып, абалды жөнгө салып келишет. Качан гана оңдолуп бүткөндө кардар өтүнмөнү жабат.

Вице-мэр Мирлан Аттокуров, бул система коммуналдык кызматкерлердин жана кардарлардын убакытын үнөмдөөрүн белгиледи.

Бөлүмдүн башчысы Бакыт Дүйшөмбиевдин айтымында, Бишкексуутүтүгү суу жана канализация тармактары үчүн геолокация системасын (ГИС) ишке киргизүүнүн үстүндө да иш алып барууда. Учурда тармактар ​​боюнча санарип мейкиндик маалыматтарын чогултуп, тууралоо иштери жүрүп жатат.

Аны менен катар, бул система тармактардын эксплуатациясын оптималдаштырып, өчүп калуу коркунучун алдын алат, гидравликалык эсептерди аткарат (агымдын ылдамдыгы, чыгым, кысым, керектөчүнүн кысымы), ошондой эле жаңы кардарларды туташтыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

«ГИС биздин баардык кызматтарыбызды бириктирип, калкка жеткиликтүү кызмат көрсөтүүгө өбөлгө түзөт», — дейт Бакыт Дүйшөмбиев.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума