11:19, 01 июня 2020, Бишкек - 24.kg
1-июнь балдарды коргоо эл-аралык майрамына карата коммерциялык эмес 10 уюмга колдоо көрсөтүү иретинде мамлекеттик резервдик фонддон 100 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүндү. Бул туралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Жогорудагы 10 уюм үй-бүлөдөгү кыйын кырдаалда аларга колдоо көрсөтүп келет. Ошондой эле балдарга билим берүү, социалдык жана калыбына келтирүү кызматын көрсөтүшөт:
— Зордук-зомбулуктан жапа чеккен балдарга жардам берүү борбору;
— «Балдарды коргоо борбору» коомдук биримдиги;
— «Тянь-Шандын балдары» коомдук бирикмеси;
— «Ырайым» коомдук фонду;
— «Жылмаюу» коомдук фонду;
— «Эне-бала мээрими» коомдук фонду;
— «Теңир-Көлдө» майып балдарды коргоо коомдук биримдиги;
— «Ай-Мээри» коомдук биримдиги;
— «Ариет» мектепке чейинки даярдоочу билим берүү уюму (мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга);
— «Стимул- маалыматтык, консультативдик, демонстративдик борбору» коомдук фонду.