Чүйдө көлмөгө 19 жашар улан чөгүп кетти

11:18, 01 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунун Аламүдүн районунун ГЭС-5 айылында жайгашкан көлмөгө 19 жашар улан чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Алардын маалыматында, кырсык 31-майда болгон. 

Куткаруучулар анын жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.