10:30, 01 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун мекемесинин алдында мурдакы президент Алмазбек Атамбаевге каршы митинг өтүп жатат.
«Мээр жазы» фондунун негиздөөчүсү Ыргалай Бекмуратованын айтымында, Алмазбек Атамбаев мамалекетти башкаруу убагында жасаган кылмыштары үчүн жооп бериши керек.
«Алмазбек Атамбаевдин айынан өлкөбүз тышкы карыздарга белчесинен батып, өлкө казынасы таланып, жемкорлорго толду. Ошондой эле ал Кой-Таш окуясында каза болгон «Альфанын» жоокеринин өлүмү үчүн да жооп бериши керек», — дейт Ыргалай Бекмуратова.
Эске сала кетсек, бүгүн Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү иши уланат. 2019-жылдын 8-9-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш иши тергелип, 14 адамга айып тагылып сотко жөнөтүлгөн.
Айыпталгандардын ичинен Алга Кылычев, Амантур Жамгырчиевдин жана Кыяз Смаилов тергөө менен кызматташууга барып, тарапташтарына каршы көрсөтмө беришти. Үчөө тең учурда үй камагына чыгарылган.