10:20, 01 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык 12 кызматкерден коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Бишкек шаарында — 4, Ош шаарында — 1, Нарын облусунда — 6, Ош облусунда — 1 медицина кызматкери вирус жуктуруп алган.
Коронавирус жуктурган медициналык кызматкерлеринин саны 362ге жетти. Алардын 252си дарыланып чыкты.
Өкмөт вирус жуктурган медицина кызматкерлерине 200 миң сом, набыт болгондорго - 1 миллион сом төлөп берет.
Бишкек шаарындагы №3 бейтапкананын даарыгери Жүзүм Кокумбаева вирус жуктуруп, көз жумду.