15:09
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Медиктерге сый. Бишкектеги дарыгерлердин мобилдик тобуна гүл тартууланды

Жеке ишкер Бишкектеги дарыгерлердин мобилдик тобуна букет тартуулады. Бул тууралуу врач Гүлмира Асанбекова өзүнүн facebook баракчасына жазып чыкты.

«Гүл саткан түйүндөрдүн жетекчиси Евгений Николаевке рахмат. Бул адам жөн гана дарыгерлердин мобилдик тобуна гүл белек кылды», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Евгений Николаев буга чейин да дарыгерлердин көңүлүн көтөрүп, дем берип келген. Ошондой эле «Бишкекархитектура», «Тазалык», «Бишкек суу түтүгү» муниципиалдык кызматкерлерине да гүл белек кылып, кубантып келет.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби