COVID-19. Бир сутка ичинде 69 адамдан вирус аныкталды

10:08, 01 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Бир сутка ичинде өлкө аймагындагы ооруканалардан 11 бейтап коронавирус инфекциясынан айыгып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басарыНурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйында билдирди.

Жалпысынан өлкөдө 1 миң 181 адам вирустан айыкты.

Өлкө аймагында дагы 69 адамдан коронавирус жуктурду. Бишкекте 21, Чүйдө −16, Нарында −14, Ошто-10 адамдан оору аныкталды.

Жалпысынан жуктургандардын саны 1817.