Новосибирсктен Бишкекке 177 кыргызстандык кайтып келди

10:01, 01 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Новосибирск-Бишкек каттамы менен 177 кыргызстандык мекенине кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Учак менен кош бойлуу, балалуу келиндер, улгайган жана оорукчан адамдар алынып келинди. Жүргүнчүлөрдүн тизмесин кыргыз диаспора өкүлдөрү түзүшкөн.

Учуп келгендер обсервацияга алынды.

Февраль айынан бери Кыргызстанга чет мамлекеттерден он миңден ашуун адам жеткирилген. Учурда дагы 50дөн ашык мамлекетте мекенине кайтууну көздөгөн кыргызстандыктар бар экени кабарланган.