17:04, 07 апреля 2020, Бишкек - 24.kg
2019-жылы «Кумтөр» кенинде 600 миң 201 унций, же 18 миң 668,35 килограмм алтын өндүрүлдү. Бул тууралуу «Центерра Голд» ишканасы билдирди.
Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча 600 миң 231, же 18 миң 669, 28 килограмм алтын өндүрүлдү. Андан 827,5 миллион доллар киреше түштү. Жыл ичинде 14,8 миллиард сом салык жана башка төлөмдөр төлөндү.
«Кумтөр» кенинен алынган Доре куймалары кыргыз өкмөтү менен түзүлгөн келишимдин негизинде «Кыргызалтын» тарабынан сатылып алынып, Кара-Балта шаарындагы ишканада иштелип чыгат. Алтын куймаларын бир гана «Кыргызалтын» ишканасы сата алат.
COVID-19 боюнча маалымат
«Центерра» өзүнүн кызматкерлеринин коопсуздугуна өзгөчө көңүл бөлөт. COVID-19 вирусун жуктурбоо үчүн ишкана толук коопсуздук жана колдоо чараларын көрүүдө.
Өндүрүш
2019-жылы «Кумтөр» № 19 жана № 20 тилкелерин үстүн тазалап, мөңгүлөрдү которуу иши жүрдү.
Тоо тармагындагы иштердин жалпы көлөмү 156,5 миллион тоннаны түздү.
2019-жылы «Кумтөр» 600 миң 201 унций алтын өндүрдү. 2018-жылы 534 миң 563 унций өндүрүлгөн.
Өсүү № 18-№ 19 тилкелерде кендин молдугуна байланыштуу болду. 2019-жылы фабрикага жеткирилген алтындын түзүмү тоннасына 3,7 граммды түздү.
Фабрика иштерине чыгымдар
2019-жылдын жыйынтыгы боюнча фабрикада кайра иштетүү 71,6 миллион долларды түздү. Белгилей кетсек, 2018-жылы 67,3 миллион долларды түздү. Өсүш углеродду колдонуу менен кайра иштетүүгө бөлүнгөн каражаттын көбөйүшүнө, абразивдик материалдарды жана цианидди сатып алууга бөлүнгөн каражаттардын көлөмүнүн көбөйүшүнө байланыштуу.
Кенге бөлүнгөн чыгымдар
2019-жылдын жыйынтыгы боюнча кенди кармоого 49 миллион доллар бөлүндү.
«Кумтөрдүн» маркоэкономикалык көрсөткүчтөргө таасири
Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитетинин алдын-ала эсебинде «Кумтөрдүн» үлүшү:
— «Кумтөр» ишканасынын 2019-жылы Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүндөгү үлүшү — 9,8 пайыз;
— «Кумтөр» ишканасынын өндүрүш тармагында көлөмү — 20,8 пайыз.
«Центерра» компаниясынын президентти Скотт Перри «Кумтөрдө» иштеген кызматкерлердин коопсуздугу жогорку орунга коюларын белгиледи.
«2019-жылдын декабрь жана 2020-жылдын февраль айында кенде болгон кырсыктардын кайра кайталанбашы үчүн бүт аракетти жасайбыз. Биздин ар бир кызматкерибиз иштеп жаткан учурда кооптонбой, үйгө аман-эсен кайтарына толук ишениши керек. Бизде мындан өткөн маанилүү тапшырма жок», — дейт ал.
«Кумтөр» үчүн өткөн жыл өндүрүштөгү көрсөткүчтөр пландан ашкан ийгиликтүү мезгил болду.
Скотт Перри
«600 миң 201 унций алтын өндүрүлдү. Сатылган алтындын унцийине карата негизги фонддорду колдоого 598 доллар жумшалды», — деп белгилеп өттү Скотт Перри.
«Өткөн бир жарым жылда «Кумтөр» чалгындоо иштерине дагы бир топ каражат бөлдү. Анын жыйынтыгында кендеги ресурстарды 3,3 миллион унцийге көбөйүп, 6,3 миллон унцийди түздү. Кендеги ресурстун алдын-ала баасы 1,2 миллион унцийден 1,4 миллион унцийге өстү», — дейт «Центерранын» президенти.
Скотт Перри COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу компаниянын кызматкерлеринин коопсуздугу маанилүү болуп жатканын белгилейт.
«Торонтодогу кеңсе жабылды. Ал эми Бишкектеги, Принс Жолдогу жана Анкарадагы кеңсе кызматкерлери үйдөн иштөөгө өттү», — дейт Скотт Перри.
«Кумтөр» кени Борбордук Азиядагы эң ири алтын алуучу ишкана болуп саналат. 1991-жылдын май айынан 2019-жылдын 31-декабрына чейин «Кумтөр» ишканасы 12,6 миллион унций алтын өндүрдү.
«Центерра Голд» — бул канадалык алтын иштетүүчү ишкана. Ал Түндүк Америкадагы алтын кендерин өндүрүү менен алектенет. «Центерра» компаниясынын эки негизги активдери — «Кумтөр» жана «Маунт Миллиган». Эми ага Түркиядагы «Оксут» кошулду.
Кыргызстан «Кыргызалтын» аркылуу «Центерранын» ири акционери болуп саналат. Анда 77 миллион 401 миң 766 акциясы бар. 2020-жылдын 7-апрелине карата акциялардын баасы 490 миллион долларды түздү.