Качып кеткен кишилер карантинди бузууга жана дарыгерлерге пара берүүгө айыпталууда.
Улуттук коопсуздук министрлигинин кызматкерлери аларды кармап, кайрадан карантинге жөнөттү. Алар бул жоруктары үчүн ири айып пулга жыгылып, же бир жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Дүйнө жүзүндө коронавирус жайыла баштагандан кийин Түркмөнабадда карантин зонасы уюштурулган. Түркмөнстанда расмий түрдө вирус жугузган учур каттала элек.