Ошто коронавирус жуктурганын жашырган адамга кылмыш иши козголду

13:27, 07 апреля 2020, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун Ноокат районунун коронавирусту жуктуруп алганын билип, аны жашырган тургунуна кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Оштун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, ал Жазык кодексинин 280-беренеси (санитардык эпидемиологиялык эрежерелерди бузуу) боюнча айыпталууда.

«Билип туруп туугандары, теңтуштары менен байланышып жүрө берген. Ооруп калганда текшерсек, илдетке кабылыптыр. Андан сырткары өзүнүн дос-чарасынан, ишканасындагы чогуу иштегендеринен да коронавирустун белгилери чыгып калды. Бүгүнкү күндө ал жаран обсервацияга жаткырылды. Жакшы болуп чыгары мыйзамдын негизинде 5 жылга чейин камалат», -деди Малик Нурдинов.