Бишкек шаарында коронавирус жуктуруп 25 адам ооруп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди.
Анын айтымында, 25 адам жакын туугандары болгон 66 адам менен жана бирге иштеген, дос-тааныштары болгон 204 адам менен байланышкан.
«Биринчи учур — бир үй-бүлөдө эле таксист болуп иштеген жаран коронавирусун жуктуруп, өзүнүн ооруп жатканын билбестен үй-бүлөсүнүн 6 мүчөсүн — жубайын, кызын, күйөө баласын, эки уулун жана небересин — кошо ооруткан», — дейт мэр.
Дагы бир шаар тургуну 4 жакын тууганына ооруну жуктурган.