09:28, 07 апреля 2020, Бишкек - 24.kg
Ош облусунда дагы 12 жарандан COVID-19 вирусу аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдимкаримов билдирди.
Анын айтымында, жуктургандардын үчөө эркек жана тогузу аял.
«Алардын баары Ош облусунда обсервацияда жайгашкан болчу», — дейт министр.
7-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 228 түздү. Бишкекте — 25, Жалал-Абад облусунда — 80, Ош облусунда — 86, Ош шаарында — 20, Баткен облусунда — 4, Нарын облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда — 3, Чүй облусунда — 5 кишинен вирус аныкталды.
«Кечээ 23 кишиден вирус аныкталды. Бейтаптардын 10 оор абалда», — дейт Сабиржан Абдикаримов.