15:09
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Пандемия шартында Кыргызстандын ички дүң өнүмү 4% өсөт

Коронавирус пандемиясы шартында 2020-жылы Кыргызстандын экономикасынын өсүүсү 4 пайызы түзөт. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) баяндамасында жазылган.
 

Маалыматка караганда, эгер илдет күчөп, чек аралар жабылса, өсүш жайыраак болот.

2019-жылы Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн реалдуу өсүшү 4,5% түзгөн. Азия өнүктүрүү банкынын божомолуна ылайык, алтын экспорту көбөйөт деп күтүлүп жаткандыктан, мындай өсүш 2021-жылы кайталанышы мүмкүн.

COVID-19га байланыштуу импорт төмөндөп, кайра иштетүү өнөр жайы, курулуш өңдүү тармактардын өсүшү басаңдайт.

2020-жылы инфляциянын деңгээли 3,5% болот деп болжолдонууда.

Коронавирустан улам Кыргызстандын айрым аймактарында 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилип, көптөгөн мекеме-ишканалар токтоп турат.

Акыркы маалыматтар боюнча өлкөдө COVID-19 инфекциясын жуктурган адамдардын саны 216га жетти. Алардын ичинен 33 киши айыгып, төртөө каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар