Маалыматка караганда, эгер илдет күчөп, чек аралар жабылса, өсүш жайыраак болот.
2019-жылы Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн реалдуу өсүшү 4,5% түзгөн. Азия өнүктүрүү банкынын божомолуна ылайык, алтын экспорту көбөйөт деп күтүлүп жаткандыктан, мындай өсүш 2021-жылы кайталанышы мүмкүн.
COVID-19га байланыштуу импорт төмөндөп, кайра иштетүү өнөр жайы, курулуш өңдүү тармактардын өсүшү басаңдайт.
2020-жылы инфляциянын деңгээли 3,5% болот деп болжолдонууда.
Коронавирустан улам Кыргызстандын айрым аймактарында 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилип, көптөгөн мекеме-ишканалар токтоп турат.
Акыркы маалыматтар боюнча өлкөдө COVID-19 инфекциясын жуктурган адамдардын саны 216га жетти. Алардын ичинен 33 киши айыгып, төртөө каза болду.