12:51, 06 апреля 2020, Бишкек - 24.kg
8-9-апрелде Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт.
Алардын билдирүүсүндө, 9-апрелде Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо кар жаайт.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, абанын температурасы кескин төмөндөйт.
9-10-апрелдерде Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° үшүк, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк, 10-11-апрелдерде Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.