Кыргызстанда коронавирустан дагы эки адам каза тапты

10:33, 06 апреля 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда коронавирустан дагы эки адам каза тапты. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, өткөн суткада Ош облусунда COVID-19 инфекциясынан 2 адам көз жумду.

Бүгүнкү күндө өлкөдө коронавирустан жалпы 4 адам каза тапты.

«2020-жылдын 6-апрелине карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынан 10 адам айыкты. Ошондой эле, бүгүн 23 адамды чыгаруу пландалып жатат», — дейт саламаттыкты сактоо министри.