Ысык-Көлдө он күндөн бери дайынсыз болгон баланын сөөгү табылды

09:57, 06 апреля 2020, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда он күндөн бери дайынсыз болгон баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, 27-мартта 16 жаштагы мектеп окуучусу достору менен бирге көл жээгиндеги эс алуучу жайлардын бирине келген. Ошол күнү анын дайынсыз жоголгондугу маалымдалып, издөө башталган. 

Кечээ түнү баланын сөөгү көлдөн табылды.