Коронавирус жуктурган 147 бейтап 5 миңден ашык адам менен байланышкан

08:55, 06 апреля 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 147 бейтап 5 миңден ашык адам менен байланышкан. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.

Коронавирус илдетине чалдыккандардын ичинен 5 адам оор абалда кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын ичинен 2 адам жасалма дем алдыруучу аппаратта, ал эми 3 адам кислород менен дем алууда.

Вирус жуктурган 147 адам 5 миң 48 адам менен байланыш түзгөн. Алардын ичинен 548 адам — эң жакындары жана үй-бүлөсү.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирустан экинчи адам каза болду. 2020-жылдын 4-апрелинде Ош областынын Ноокат аймактык ооруканасында 80 жаштагы бейтапта COVID-19 вирусу тастыкталып, биологиялык өлүм аныкталды.