00:14
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Индиядан 15 кыргызстандык өлкөгө келди

15 кыргызстандык Индиядан чыгарылып, мекенине кайтарылды. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.

Маалыматка караганда, кыргыз жарандары Гоа жана Делиден келишти. Алар атайын борт менен Казакстандын жарандары менен кошо эвакуацияланды.

Учак Тараз шаарына конуп, ал жактан Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда Кыргызстана алып келинип, обсервацияга жаткырылды.

Эң көп окулган жаңылыктар